Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Базар-Коргондо буюмдары өрттөнгөн 10дон ашык соодагер ооруканага түштү


Өрт.
Өрт.

Райондун борбордук базарында иштеп, буюмдары күйгөн 10дон ашык соодагер кан басымы жогорулап райондук ооруканага жаткырылды. Алар насыя менен иштеп, ар бири 2-3 млн. сомдук товарларын жоготкон адамдар. Азырынча алар дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Мындан сырткары өрт учурунда бир топ сатуучулардын соода жайларындагы буюмдары талоончулукка учураганы айтылууда. Азырынча милиция менен өрт өчүрүүчүлөр жагдайды жеринде иликтеп жатышат. Кийим-кечек базарынын 43 сотых аймагы күлгө айланган.

22-майдын түнүндө борбордук базарда өрт чыгып, 70% соода аянттары күйүп кеткен. Базар-Коргондогу бул жай аймактагы эң ири базарлардын бири болчу.(RsK)

XS
SM
MD
LG