Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Сирия теракттар үчүн Түркия, Катар жана Сауд Арабияны айыптады


Сирия өкмөтү кечээ күнкү теракттар үчүн Түркия, Сауд Арабия жана Катарды айыптады. Тышкы иштер министрлиги Улуттар уюмуна жолдогон катында Тартус жана Жаблех шаарларындагы жардыруулар “экстремисттер менен Эр-Рияд, Анкара жана Доханын карасанатай режимдеринин тынчтык процессин үзгүлтүккө учуратуу аракети" деп билдирди. 150гө жакын адамдын өмүрүн кыйган кол салуулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өзүнө алды.

Түркия, Катар жана Сауд Арабия Сириядагы түрдүү козголоңчу топторду колдошот. Президент Башар Асаддын өкмөттүк күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү Тартус жана Жаблех салыштырмалуу тынч шаарлар болуп эсептелип келген.

XS
SM
MD
LG