Хиллари Клинтон жана Доналд Трамп кечээ Вашингтон штатындагы ички шайлоолордо жеңип, өз партияларынан АКШ президенттигине талапкер болуп көргөзүлүүнү дээрлик камсыздашты.
Республикачылардын өкүлү, миллиардер Трампка июлга белгиленген курултайда талап кылынган 1237 добушту алуу үчүн 14 делегаттын добушу жетпей жатат. Трамп 7-июнга чейин калган добуштарды алаарынан күмөн санабайт.
Ал эми Демократтардын өкүлү, мурдагы мамлекеттик катчы Клинтонго партиянын атынан көргөзүлүүгө дагы 78 добуш керек.
Бардыгы болуп буга чейин Клинтон праймериздерде 1768 добуш алган. Атаандашы сенатор Берни Сандерске 1497 добуш тийген. Бирок супер делегаттардын добуштарын эске алганда Клинтондун ажырымы алда канча чоңураак.
Ал тапта Нью-Мексико штатынын борборунда Трампка каршы нааразылык акциялар полиция менен кагылыштарга алып келди. Ал жерде эң көп латынамерикалыктар жашашат. Алардын көбү Трамптын иммигарциялык саясатына каршы болушууда. Нью-Мексикодо ички партиялык шайлоо 7-июнда өтмөкчү.