АКШнын президенти Барак Обама эл аралык лидерлердин Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер болот деп күтүлүп жаткан Дональд Трампка тынчсыздануусуна негиз бар деп билдирди. “Алар анын айрым сөздөрүн анчалык олуттуу деп кабыл алууга даяр эмес, ага тынчсыздануусу негиздүү” деди Барак Обама 26-майда Жапонияда Чоң жетиликтин саммитинде. “Анын көптөгөн сунуштары эл аралык иштерди четке каккандык же аны билбегендикке тете” деп кошумчалады Обама. Миллиардер талапкерден азырынча президенттин сөзүнө жооп боло элек. Трамп азыркы Республикачылар партиясынан талапкер болууга зарыл болгон 1237 делегатты топтоо алдында турат.
Обама: Дүйнө лидерлеринин Трамптын сөздөрүнө “тынчсыздануусуна” негиз бар