Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Дарыгерлер 2016-жылкы Олимпиада оюндарын жылдырууну өтүндү


Рио-де-Жанейро шаарында 2016-жылы Олимпиада оюндарын өткөрүү ага келген спортчулар менен конокторго Зика вирусун жуктуруу менен барабар деп белгилешет алар. Дүйнөнүн жүздөн ашуун абройлуу дарыгерлери 27-майда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчисине кайрылып, быйылкы Олимпиада оюндарын кийинкиге жылдырууну өтүнүштү. Катта Зика вирусу адам баласына чоң коркунуч туудуруп жатканы белгиленип, 500 миң чамалуу чет элдик туристтер аркылуу вирус жалпы дүйнө жүзүнө жайылып кетүү коркунучу турганы айтылган.

Кайрылууга жыйырмадан ашуун өлкөнүн дарыгерлери кол коюшкан.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлдөрү Олимпиада оюндарын жылдыруу Зика вирусунун тароосуна анчалык деле таасир эте албасын билдирүүдө.

Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-августтан 21-августка чейин жайкы Олимпиада оюндары өтөт. Аталган шаар Зика вирусу тараган негизги очоктордун бири катары саналат. Зика вирусу адамдын баш сөөгүн кичирейтип, акыл-эстин жабыркоосуна алып келет.

XS
SM
MD
LG