Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:28

Украинадагы кыргыздардын коомуна жаңы жетекчи шайланды


Бул тууралуу аталган коомдун активисти Таалай Сариев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, “Украинадагы кыргыздардын эл аралык коомуна” Шерали Жаналиев шайланды. Ал аталган коомду негиздөөчүлөрдүн жана түптөөчүлөрдүн бири.

"Украинадагы кыргыздардын эл аралык коому” 2005-жылы түптөлгөн. Буга чейин эки жолу жетекчи алмашкан. Коом эч бир мамлекеттен, эл аралык грант берүүчүлөрдөн каржыланбайт. Коомдун миссиясы - Украинадагы кыргыздарды бириктирүү, укуктарын коргоо, алардын мекен менен байланышын сактоо, кыргыз-украин элдеринин ортосунда социалдык, экономикалык жана маданий көпүрө болуу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG