Мексикалык курама команданын мүчөсү, грециялык “Олимпиакос” клубунун футболчусу Алан Пулидо аман-эсен куткарылды.
Аны кичи мекени Сиудад-Виктория шаарында жүргөн жеринен 28-майда бети-башы чүмбөттөлгөн белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен.
Өлкөнүн Тамаулипас штатынын коопсуздук күчтөрү Пулидо 30-майга оогон түнү куткарылганын, учурда ал-абалы текшерилип жатканын кабарлашты.
Мексикада маңзат картелинин мүчөлөрү тарабынан адам уурдоо окуялары тез-тез катталып турат. Ал эми Тамаулипас өлкөдөгү кооптуу штаттардын катарына кирет.