Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

Экс-депутат Коркмазов эркиндикке чыкты


Хажимурат Коркмазов.
Хажимурат Коркмазов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Хажимурат Коркмазовдун абактагы жаза мөөнөтү аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Анын айтымында, Коркмазов 28-май күнү боштондукка чыгарылды.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев камакта жаткан кезде анын кызынан 200 миң доллар пара талап кылган, ал эми Хажимурат Коркмазов бул иште ортомчулук милдетти аткарган деп айыпталууда. Алар былтыр жыйында кармалган.

Биринчи Май райондук соту аларга тагылган коррупция, кызмат абалынан пайдалануу деген айыптарды кыскартып, көз боёмочулук деген күнөө менен Нарымбаевди 3, ал эми Коркмазовду 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Нарымбаев менен Коркмазовдун адвокаттары аларды актоону өтүнүп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бишкек шаардык соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.(BkA)

XS
SM
MD
LG