31-майда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын президенттери интеграциялык маселелерди, Кытай менен кызматташууну тереңдетүү, тагырааак айтканда, Бээжин демилгелеген Жибек жолу экономикалык долбоору жана Европа Биримдиги менен кызматташуу маселелерин талкуулашат. Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Астана саммитине катышуу үчүн жөнөп кеткени кабарланды.
Евразия экономикалык биримдиги 2014-жылы 29-майда Астанада Казакстан, Орусия жана Беларус тарабынан түзүлгөн. Андан кийин ага Кыргызстан жана Армения кошулган. (AiT)