Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

Апрель окуясы боюнча сот 6-июнда уланат


Апрель курмандыктарын эскерүү.
Апрель курмандыктарын эскерүү.

Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кийинки жумада өкүм окуу уланат. Сот төрт жүз беттен турган өкүмдү өткөн жумадан бери окуп жатат. Акыркы өкүм келерки аптадагы жараян учурда жарыяланышы мүмкүн.

2010-жылы 7-апрелдеги элдик толкундоолордо Бишкектеги Ак үйдүн алдында 80ге чукул адам окко учуп, 300дөн ашууну жараат алган. Бул окуя боюнча соттук териштирүү ошол жылдын 30-ноябрында башталган.

Аны баштан аяк Бишкек аскердик гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбеков карап, 2014-жылы 25-июлда өкүм чыгарган. Ага ылайык, УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлери акталып, Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылса, дагы бир катар жооптуу кызматкерлер, аткаминерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.

Бирок эки тарап тең мындай өкүмгө макул болбой жогорку инстанцияга доо арыз жолдоп, ишти Республикалык аскер соту тергей баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG