Иран тарап Сауд Арабияны зыяратчылардын коопсуздугун талаптагыдай камсыздап бере албай жатканы үчүн айыптады.
Эки өлкө ортосунда мындай маселе былтыркы зыярат учурундагы апааттан кийин чыккан.
Былтыркы массалык тебелендиде каза тапкан 2426 адамдын 400дөн ашууну ирандыктар болгон.
Бул окуядан кийин Иран Саудиядан кошумча коопсуздук кепилдиктерин талап кылган, бирок сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы бул аптада мунасасыз аяктады.
Ирандын ажылык иштер боюнча мекемесинин башчысы Саид Охадинин айтымында, Саудия Иран өз зыяратчылары үчүн уюштурууну көздөгөн утурумдук медициналык жайлардын санына макул болбой койгон. (UE)