Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

Атамбаев 2017-жылдагы шайлоодо европалык өнөктөштөргө үмүт артат


Президент Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Европа биримдигинин тышкы иштер кызматынын баш катчысы Ален Ле Руаны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушууда Европа биримдиги менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелери талкууланды.

Атамбаев Европа биримдигинин Кыргызстандагы шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү боюнча колдоосуна ыраазычылык билдирип, 2017-жылдагы президенттик шайлоону да калыс өткөрүүдө европалык өнөктөштөргө үмүт артарын билдирди.

Европа биримдигинин тышкы иштер кызматынын баш катчысы Ален Ле Руа баштаган делегация Кыргызстанга бүгүн келген. Алар республика жетекчилери менен Европа биримдиги - Кыргызстан ортосундагы кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG