Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Муфтият: Эртеңден тарта орозо башталат


Бишкектеги борбордук мечит
Бишкектеги борбордук мечит

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Алардын айтымында, эртең, 6-июнда таңга маал саат үчтөрдө ооз бекилет. Ал эми ооз ачуу кечки сегиз жарымдарда болот. Ошондой эле рамазан айында окулуучу тарава намазы бүгүнтөн тарта мечиттерде окулуп баштады. Бир жылда отуз күн орозо кармоо ислам дининдеги негизги беш парздын бири.

Ал эми орозодогу битир-садаканын суммасы такталып, жакын арада жарыяланарын муфтияттан кошумчалашты. Кыргызстанда өзүн мусулман деп санагандар 80 пайызга жакын экени айтылып келет.

XS
SM
MD
LG