Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин Кыргызстанда расмий сапарынын алкагында алты документке кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Орусия менен Кыргызстандын ортосунда мунай ташуу боюнча келишим, эки өлкө ортосунда эмгек жана социалдык тармакта кызматташуу, 2016-2017-жылдарга Тышкы иштер министрликтеринин кызматташуу программасы, мамлекеттик башкарууну автоматташтыруу боюнча жана интеллектуалдык менчик боюнча “Росинформэкспорт» ишканасы менен Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу «Транском» мамлекеттик мекемесинин ортосундагы стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюлду.
Эки өлкө ортосундагы мунай ташуу боюнча келишим буга чейин сөз болуп келген. Анын алкагында өлкөгө ташылып келген мунай продуктуларынан төлөмдөрдү алып салуу каралган.
Орус премьер-министри Дмитрий Медведев Бишкекке бүгүн эртең менен келген. Ал 7-июнда Бишкекте башталчу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин саммитине катышат. (BkA)