Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:44

Польшада НАТО саммитинин алдында аскерий машыгуулар башталды


НАТОнун аскерлери.
НАТОнун аскерлери.

Польшада НАТОго мүчө мамлекеттердин жана уюмдун өнөктөштөрүнүн “Анаконда-16” деген аталышта тарыхтагы эң ири аскерий машыгуулары башталды. Ага альянска мүчө 19 мамлекеттен 31 миң аскер катышууда. Арасында 12 миң польшалык, 14 миң америкалык, миңден ашуун британиялык жоокерлер бар.

Москва НАТОнун аскерлеринин чек арага жакындоосу коопсуздукка коркунуч келтирерин, керек учурда ага жооп кайтарууга Орусия даярдыгын билдирген.

Бир канча аптадан соң Варшавада альянстын саммити болот. Анда Польша жана Балтика мамлекеттеринде аскерлердин даярдыгын күчтөнтүү маселеси каралат.

3-июндан Балтика өлкөлөрүндө да машыгуулар башталган. Ага алты миң аскер катышып жатат жана 18-июнга чейин уланат. Орусиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Александр Грушо Москва Балтикадагы машыгууларга да терең байкоо салып жатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG