Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

Өзбекстан “ооз ачыруу” жыйындарына тыюу салды


Ооз ачуу.
Ооз ачуу.

Өзбекстан өкмөтү быйыл да орозо айында эл топтоп ооз ачыруу жыйындарын өткөрүүгө тыюу салды. “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы билдиргендей, мурдагы жылдары кафе жана мечиттерде ифтарлык өткөрүүгө уруксат берилбесе, быйыл үйлөрдө уюштурууга да чектөө киргизилди. Маалыматка караганда, мындай сунушту өлкөнүн муфтияты киргизген. Былтыр мындай чара элди “экстремисттик агымдарга аралашып кетүүсүнөн алдын алуу” катары түшүндүрүлгөн.

Өзбекстанда жашоочулардын 90 пайыздан ашууну мусулмандар. Ал эми жарандарынын көбүн христиан жана башка дин өкүлдөрү түзгөн Батыш мамлекеттеринде орозо айына байланыштуу массалык ооз ачуу жыйындары көбөйүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG