Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Загибаев: Мыстачоглуга козголгон иш мыйзамсыз кыскартылды


"Бишкек парк" соода борбору.
"Бишкек парк" соода борбору.

"Бишкек парк” соода борборунун негиздөөчүсү Айдын Мыстачоглуга козголгон кылмыш иш мыйзамсыз кыскартылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” жабырлануучу «Пласт Инвестмент групп» компаниясынын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Адвокаттын айтымында, аталган компания Мыстачоглу менен эч кандай элдешүүгө барып, арызын кайтарып алган эмес.

Буга чейин “Бишкек парк” соода борбору башка түрк ишкеринин каражатын мыйзамсыз пайдаланганы боюнча кылмыш иш козголгон. Анын негизинде соода борбордун негиздөөчүсү Мыстачоглуга алдамчылык беренеси боюнча айып тагылган.

Бирок Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан тараптардын мунасага келгенине байланыштуу кылмыш иш кыскартылганын кабарлашкан.

Түркиянын жараны Айдын Мыстачоглу Бишкектеги ири “Бишкек парк” соода борборунун негиздөөчүсү. Ал ошондой эле былтыр премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган.

Бирок өкмөт Мыстачоглунун премьердин кеңешчилигинен бошотулганын билдирүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG