Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Бишкекте ууланууга байланыштуу эки кафе текшерилди

Бишкекте үч жашар жана алты жаштагы эки бала 1-июнда 12-кичи райондогу “Империя пиццы” кафесинен пицца жегендин эртеси өздөрүн начар сезип, ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаев "Азаттык" радиосуна кабарлады. Анын айтымында, ошол эле күнү шаардагы Жибек жолу көчөсүндө жайгашкан “Империя плова” кафесинен тамактангандан кийин ата-бала да ууланып, ооруканага түшкөн. Учурда жабыркагандардын абалы дурус. Бул окуяларга байланыштуу аталган мекеме эки кафеде тең пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүздү. 

Ал жактан алынган тамак-аш лабораторияда текшерилүүдө. Анын жыйынтыгы азырынча чыга элек. Эгерде ууланууга бул кафелерде даярдалган тамак-аш себеп болгону аныкталса, тиешелүү чаралар көрүлөт. (NT)

XS
SM
MD
LG