Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Динчилдер Жанар Акаевге опуза жасай башташты


Жанар Акаев "Твиттерге" жарыялаган сүрөт. Этикалык эрежеге байланыштуу билдирүүдөгү сөздөр өчүрүлдү.
Жанар Акаев "Твиттерге" жарыялаган сүрөт. Этикалык эрежеге байланыштуу билдирүүдөгү сөздөр өчүрүлдү.

Интернетте динчилдердин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаевди опузалаган билдирүүлөрү чыга баштады. Бул тууралуу депутат “Твиттердеги” баракчасына жазды. Маалыматка караганда, “Фейсбук” тармагына “Ал Хижама” деген ат менен катталган, ак топу кийип, сакал койгон жаран Акаевдин өмүрүнө коркунуч келтирген билдирүү калтырган. Жанар Акаев ал билдирүүнүн нускасын сүрөт түрүндө жарыялады.

Депутат жума намаз үчүн түшкү тыныгууну бир сааттан эки саатка узартуу боюнча мыйзам долбооруна каршы чыккан эл өкүлдөрүнүн бири. Буга нааразы болгон мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов эки күн мурун аларды каралаган кайрылуу жасап, “кимдир бирөөлөргө пайдасы тийип калар” деген жазуу менен депутаттардын туулган жерлерин жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG