Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Момбеков Чубак ажынын айткандарын "жихадга" теңеди


Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

Депутат Рыскелди Момбеков Чубак ажы Жалиловдун айткандарын сынга алып, муну диний ишмерлердин мамлекеттин саясатына аралашуусу катары баалады.

Ал мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын чечимине өкмөттүн, УКМКнын жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин корутундулары себеп болгонун айтып, Чубак ажы Жалиловдун аларды "динге каршы чыккандар" катары сыпаттаганына өкмөт, Жогорку Кеңеш жетекчилиги үн катпай отурганына нааразылык билдирди.

- Чубак ажы жихад жарыялап жибериптир, - деди Рыскелди Момбеков.

Жума намаз маалында түштөнүү убактысын бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору 7-июнда парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, алты депутат ага каршы добуш берген. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бул аракетти кескин сындап чыккан эле. (NT)

XS
SM
MD
LG