Ооган бийлигинин маалыматы боюнча, коопсуздук күчтөрүнүн офицерлери өлкө чыгышындагы Газниде буктурмаларда 3 - 5-июнда кармалып кеткен. Кармалгандар 7-июнда Андар районунда жергиликтүү тургундардын көзүнчө өлтүрүлгөнүн аскерий чалгындын офицери Гулам Мохаммад Тахири кабарлады. Анын маалыматы боюнча, өлтүрүлгөндөрдүн бешөөсү полиция, үчөө аскер жана экөө Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкери болгон.
Кундуз провинциясында 8-июнда талиптер автобусту токтотуп, 40 жүргүнчүнү кармап кетишкен. Эки жуманын ичинде экинчи жолу автобус токтотулуп, жүргүнчүлөрү барымтага алынды. Полициянын өкүлү Мафузулла Акбери 7 жүргүнчү качып кутулганын маалымдады. (AiT)