Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:56

Муфтият Чубак ажы менен Жанар Акаевди элдешүүгө чакырды


Жанар Акаев, Чубак Жалилов.
Жанар Акаев, Чубак Жалилов.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын кайрылуусунда аалымдар кеңешинин мүчөсү, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов менен Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаевдин ортосундагы пикир келишпестикке тынчсыздануу жазылган. Ошондой эле мусулмандардын Ыйык Рамазан айында элдешүүгө тараптарга чакырык ташталган.

Муфтият араздашууга себеп болгон мыйзам долбоору боюнча да көз карашын билдирип, жума намазы ар бир мусулман үчүн парз экенин, документтин кабыл алынышын колдой турганын ырастаган.

Ал эми Чубак ажынын айткандары анын жеке пикири экени белгилеп, интернет, социалдык түйүндөрдө эки тарапка бөлүнүп, кайым айтышуу ислам дининин баалуулуктарына туура келбей турганы эске салынган.

Жума намаз маалында түштөнүү убактысын бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору 7-июнда парламенттин социалдык саясат боюнча комитетинде талкууланып, алты депутат ага каршы добуш берген. Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов бул аракетти кескин сындап чыккан эле. (NT)

XS
SM
MD
LG