Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

"Ислам мамлекети" террордук тобу эң байыркы ибадаткананы жардырды


Нимруддагы эстеликтер.
Нимруддагы эстеликтер.

"Ислам мамлекети" террордук тобу Ирактын түндүгүндө жайгашкан Нимруд шаарындагы 3000 жылдык тарыхы бар ибадаткананы жардырган видеосун жарыялады. Ал ибадаткана археологиянын бермети болуп саналат.

9-июнь күнү Бириккен улуттар уюму Набу ибадатканасынын "кире бериш тарабы оор зыян тартканын" спутниктен алынган сүрөттөр менен расмий аныктады.

Нимруд биздин доорго чейинки XIII кылымда курулган Ашур шаары азыркы Мосул шаарынан 30 чакырым алыс жайгашкан.

Археологдордун айтымында, акыркы эки жыл ичинде "Ислам мамлекети" террордук тобу тарыхый мааниге ээ болгон аймактарга эбегейсиз зыяндарды келтирди.

XS
SM
MD
LG