Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 22:44

Бишкек мэри Эмен багындагы кафенин мыйзамдуулугун кароо зарылдыгын айтты


Сейил бактагы адамдар, Бишкек

Бишкектин мэри Албек Ибраимов Эмен багында курулган “Фрунзе” кафеси үчүн ижарага берилген жер аянтынын мыйзамдуулугун кароо зарылдыгын билдирди. Бул тууралуу шаар башчысы жума күнү өткөн маалымат жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, кафе үчүн жер мурдагы мэрлердин тушунда берилген. Жердин ижара мөөнөтү быйыл күзүндө бүтөт. Ушул мөөнөт бүткөн соң жердин ижарага берилишинин мыйзамдуулугу текшерилерин Албек Ибраимов билдирди.

Бишкектеги Эмен багындагы "Фрунзе" кафеси быйыл курулуп бүткөн. Сейил бактын аймагында кафенин курулушу боюнча айрым шаардыктар нааразылыгын билдиришкен эле. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG