15-июндан 17-июнга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы болот: маал-маалы менен нөшөр жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот. Кээ бир райондордо батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет.
16-17-июнда абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 21…26°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 14…19°, бийик тоолуу райондордо 2°сууктан 3° жылуулукка чейин болот.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.