Бишкекте ири өрт кырсыгынан жабыркагандардын бешинчиси да көз жумду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 11-июнда 53 жаштагы А.Шарипов каза тапты.
Ага чейин дагы төрт адам алган жараатынан, күйүктөн өзүнө келе албай көз жумган.
- Бирөө дагы эле реанимацияда. Абалы оор. Ал эми күйүк бөлүмүндө жаткандардын бирөө ооруканадан чыкты. Экөө дарылануусун улантууда.
6-июнда болгон жарылуу жана өрттөн 5 жүк ташуучу автоунаа күйүп кеткен. Ал жерде оңдоп-түзөө иштери менен алектенген он жаран жабыркап, ооруканага жеткирилген. Алдын ала иликтөөлөр газ ташыган эки автоунаа бири-бирине көгүлтүр отун куюп жаткан кезде өрт чыкканын көрсөтүүдө. (RK)