Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Илим Карыпбековго сөгүш жарыялоо сунушталды


Илим Карыпбеков
Илим Карыпбеков

Бүгүн КТРКнын байкоочу кеңеши жыйынга чогулуп, соңку мезгилде каналдын дарегине карата айтылган сын-пикирлерди талкуулады. "Жаңы муун" кыймылынын өкүлдөрүнүн КТРК кумсаларды пропагандалап жатканы жана муну токтотуу тууралуу арызы каралды. Мындан тышкары Коомдук каналдын кызматкерлерине байланыштуу жаңжалдын чоо-жайы териштирилди.

Апрелде практикант кыз аталган телеканалдын кызматкерине алданып, кош бойлуу болуп калганын бир катар гезиттер жазып чыккан. КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков практикант ачуусу менен зордуктады деп милицияга кайрылганын, кайра тосмо арыз жазганын билдирген. Бүгүн ал кыз кош бойлуу абалында байкоочу кеңештин жыйынына катышып, жетекчиликти жана зордуктады делген журналистти жоопко тартууну талап кылды.

Ошондой эле жыйында КТРКнын дарегине бийликти мактап, оппозицияны каралайт деген сындар, каржылык мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар келип жатканы айтылды.

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү эрежеге жат жүрүм-турумдары менен коомчулуктун көңүлүн өзүнө тарткан кызматкерлерди жана кумсалар тууралуу берүү даярдаган кабарчыларды иштен алууну сунушташты.

Башкы директор Илим Карыпбековго сөгүш жарыялоо демилгеси да көтөрүлдү. Бүгүн айтылган маселелерди чечүү үчүн Карыпбековго 30-июнга чейин мөөнөт берилди. (NT)

XS
SM
MD
LG