Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Өрткө каршы кызматкерлер кесиптик майрамын белгилешет


Өрт кесепети.
Өрт кесепети.

Кыргызстанда бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы күрөш кызматынын кесиптик майрамы. Буга байланыштуу Бишкекте аталган мекеменин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгына арналган монумент ачылат. Өрткө каршы кызмат 1926-жылы 15-июнда ачылган. 1994-жылы өкмөттүн токтому менен 15-июнь - бул тармакта иштегендердин кесиптик майрамы деп белгиленген.

1991-жылдан бери өрт өчүрүүчүлөр он миңдеген кырсыктарды жоюуга катышкан. Тилсиз жоодон Кыргызстанга келтирилген зыян бул мезгил аралыгында 1,5 миллиард сомдон ашкан. Ошол эле маалда куткаруучулар миңдеген адам өмүрүн сактап калышкан. Аталган кызматтын маалыматы боюнча, өрт кырсыктарына көбүнчө электр жабдууларын колдонууда коопсуздук эрежелерин бузуу, балдардын бейбаштыгы, жарандардын кайдыгер мамилеси себеп болот. Статистика жыл сайын өрттүн 60 пайыздан ашууну эл жашаган турак-жайлардан чыгарын көрсөтүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG