Ош облусунун аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, күчү очогунда 2,5 балл болгон силкинүү саат 11:04тө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 50 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кара-Кыр айылында болду.
Алдын ала маалыматка караганда, адам өмүрүнө залака тийген жок. (RK)