Кыргызстандын бир катар аймактарында суу ташкын жана селдин алдын алуу, келтирилген кесепеттерди жоюу иштери уланууда. Нөшөр жаандан кийин пайда болгон селге байланыштуу Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында абал оор.
15-июнда Ат-Башы суусунун деңгээли көтөрүлүп, Нарын шаарынын өзүндө жана Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды, Баш-Кайыңды, Талды-Суу айылдарында суу жээктен ашып, айрым жерлерде жолдорду каптап, көпүрөлөр суу алып кетүү коркунучунда калды.
Кочкор районунун Кара-Саз айылында дарыядан ашкан суу 5 гектардай айдоо аянтын жууп кеткени кабарланды.
Кечээ өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ыкчам жыйын өткөрүп, өзү Нарынга, орун басарлары Баткен, Чүй, Ысык-Көл облустарына барышты.
Чүй жана Ысык-Көл облустарында да бир катар айылдарды суу каптап, сел коркунучу сакталууда. (NT)