Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Укук коргоочулар ММК мыйзамын четке кагууга депутаттарды чакырууда


"Азаттык" радиосунун эн тамгасы.
"Азаттык" радиосунун эн тамгасы.

Жарандык активисттер Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, Эркина Убышева, Элмира Ногойбаева, Нарын Айып, Рита Карасартова баштаган топ “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы кол топтой башташты. Алар бул мыйзам "Азаттык" радиосун атайлап бутага алууну көздөп жатканын айтышууда.

Ошондой эле демилгечи депутаттар "Маалымат коопсуздугу" маселесине жамынып алып, кайрадан демократияны муунта турган мыйзамды Орусиядан көчүрүп алышты деп сындап чыгышты.

Активисттер буга чейинки бийлик куларына аз калганда "Азаттыкты" ар кандай шылтоо таап, жабууга аракет жасаганын эске салышты.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 13-июнда аталган мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, ЖМКны негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу.

Ошону менен катар чет жактан каржыланган маалымдоо каражаттарына сырттан келүүчү акчанын көлөмү 20 пайыздан ашпоосу керектиги сунушталууда.

Бүгүн мыйзам долбоору парламенттин жалпы жыйынында талкууга коюлат деген маалымат бар. (NT)

XS
SM
MD
LG