Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленет


Чөл.
Чөл.

17-июнь - чөлгө айланууга жана кургакчылыкка каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү быйыл “Жер шарын сактоо. Жерди калыбына келтирүү. Элди жумуш менен камсыздоо” урааны менен өтөт. Жараксыз болгон жерлерди калыбына келтирүү үчүн жабыла аракеттенүү, өнүгүү максаттарына жетишүүгө чакырык ташталат. Негизги иш-чаралар Кытайдын Бээжин шаарында уюштурулмакчы.

Бул күн дүйнө мамлекеттеринде 1994-жылдан тартып ар жыл сайын белгиленип келет. БУУнун маалыматы боюнча, кургакчылык – айлана-чөйрөнүн бузулушуна алып келүүдө. Ар жыл сайын жердин чөлгө айлануусунан жана кургакчылыктан миллиарддаган долларга бааланган айыл чарба продукциясы алынбай калат. (NT)

XS
SM
MD
LG