Бишкек шаар мэриясында бүгүн Ички иштер министрлиги менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жыйыны өтөт. Анда жол эрежелери бузулган учурларды видео аркылуу каттоо ыкмасын киргизүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууга алынат.
Ички иштер министрлиги сунуштаган реформага ылайык, Кыргызстанда 1-апрелден тарта Жол кайгуул кызматы Патрулдук милиция башкармалыгы деп аталган. Жолдорго видео көзөмөл орнотуу менен кырсыктарды азайтуу аракети көрүлүп жатат. (NT)