Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Кыргыз өкмөтү Кумтөр боюнча билдирүү таратты


Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын Кумтөр кениндеги иш үзгүлтүккө учурабоосун камсыз кылып жатышы "Кумтөр голд" компаниясын экологиялык талаптарды аткаруу милдетинен бошотпойт. Бул тууралуу билдирүүнү бүгүн кыргыз өкмөтү таратты.

Билдирүүдө айтылгандай, Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин «Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Кумтөр Голд Компани» ишканаларына карата айлана чөйрөнү булгоосу үчүн акы төлөө жөнүндө доосу боюнча Бишкек шаардык район аралык сотунун 3-июндагы аныктамасына ылайык, камсыздоо чаралары кабыл алынды.

"Ошону менен катар «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» экологиялык талаптарды аткаруу жана Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги көрсөткөн чаралардын аткарылышы боюнча милдеттенмелеринен бошотпойт" деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин «Кумтөр Оперейтинг Компани» мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун аткарбай жатканы айтылган.

Ошондуктан Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун жана башка уруксат документтерди берүү мүмкүн эмес экени маалым болду. (RK)

XS
SM
MD
LG