Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 07:39

Тажикстанда түрмөдөн качкан кылмышкер Кыргызстандан да изделүүдө


Тажикстандын Хожент шаарындагы түрмөдөн качкан 28 жаштагы Рамзуллох Дадахонов Кыргызстандын аймагында да изделип жатат. 20 жылга камалган Дадаханов чек арага жакын Шахрак айылынын жашоочусу экенин тажик күч органдарынын маалыматына таянып, Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Кыргыз милициясына тажикстандык күч органдары бул жаатта кызматташуу боюнча кат жиберген.

17-июнда Хожент шаарындагы түрмөдөн оор кылмыштар менен камалган үч адам качып чыккан. Алардын бири милиция аткан октон мерт кеткен, экинчиси жарадар болгон. Дагы бири изин жашырууга үлгүргөн. (SE)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG