Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, биология илимдеринин доктору, профессор, эмгек сиңирген илимий ишмер, бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси Алмаз Алдашев 19-июнга караган түнү көз жумду. Маркум менен коштошуу зыйнаты 21-июнда өтөт.
Алмаз Алдашевдин изденүүлөрүнүн натыйжасында жүздөн ашуун илимий эмгектер жасалган. Чет элдик 76 илимий журналда ал кишинин иштери тууралуу макалалар чыккан.
Маркум 1953-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. (SE)