Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:55

Юлдуз Усманова ШКУ саммитине атап ыр чыгарды


Өзбек эл артисти Юлдуз Усманова Шанхай кызматташтык уюмунун Ташкентте өтчү саммитине атап ыр чыгарды. Уюмга мүчө алты мамлекетти даңазалаган ырдын кайырмасы ошол алты элдин тилинде жаңырат. Арасында “казагым, кыргызым, тажигим” сыяктуу сөздөр бар.

Чыгарма бийликтин буйрутмасы менен даярдалганбы, азырынча беймаалым. Бирок өзбек маданият тармагынын сынчылары Усманова бул ырды чоң сахнага кайтуунун амалы катары аткарганын белгилешүүдө.

Ал тапта өзбекстандык башка ырчылар да социалдык тармактарда ШКУ саммитин даңазалап, ага катышуучу өлкөлөрдүн желектерин жеке баракчаларына жайгаштырып жатышат.

Ташкентте ШКУ саммити 23-24-июнь күндөрү өтөт. Уюмга Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Орусия, Кытай жана Өзбекстан мүчө.

Он жылга жакын убакыттан бери Өзбекстандын чоң сахналарында концерт коё албай, телерадиого чыга албай жүргөн Юлдуз Усманова соңку жылдары президент Ислам Каримовду, мамлекет башчынын кызы Гүлнара Каримованы даңазалаган ырларды жаратты. Бирок ал чыгармалар ырчынын сахнага кайтышына өбөлгө болгон жок.

2010-жылы Кыргызстанда болгон улут аралык кагылыштан көп өтпөй Юлдуз Усманова кыргыздарга каршы ыр чыгарган болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG