Өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн билдирүүсүнө караганда, 22-июнда жол жээгине коюлган бомбанын жарылуусунан полиция офицери жана бир жаран жан таслим болду. Жалалабад шаарында болгон бул жардыруудан эки киши жараланган. Нангархан провинциясынын полициясынын башчысынын орун басары Абас Садат бомба аралыктан башкарылып жардырылганын билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстандагы өкүлү Николас Хейсом “өч алуулар өлкөдө зордук-зомбулуктун эпкинин күчөтүп жатканын” эскертти. Хейсомдун айтымында, анын чочулоосуна ыйык Рамазан айында да зордук-зомбулук токтобой, күчөшү негиз берүүдө. (AiT)