Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Президент Атамбаев Ташкенге жөнөп кетти


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн бүгүн Ташкенге учуп кетти. Мамлекет башчы жетектеген делегациянын курамында Кыргызстандын Өзбекстандагы жаңы дайындалган элчиси Данияр Сыдыков, президенттин кеңешчиси Калыкбек Султанов, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов бар. Атамбаевди Ташкен аба майданынан Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев тосуп алары күтүлүүдө.

Март айында Аксыдагы Үңкүр-Тоо аймагына Өзбекстан аскер техникасын жайгаштырып, абал чыңалган кезде Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Ташкендеги саммитке катышпай калышы мүмкүндүгүн эскерткен эле.

Ташкендеги саммит бүгүн башталды. Эртең аяктай турган жыйынга ШКУга мүчө мамлекеттер - Кыргызстан, Тажикстан, Орусия, Казакстан, Кытай, Өзбекстан президенттери, Иран, Индия, Пакистан бийлигинин өкүлдөрү катышат. Анын ишин чет элдик 200дөй журналист чагылдырат.

Саммитте аймактык коопсуздук маселеси талкууланат. Соңунда ШКУнун он беш жылдык декларациясы кабыл алынат. (NT/BkA)

XS
SM
MD
LG