Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда 23-июнда жүргөн сел кесепеттерин жоюу иштери башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тоолуу Кызыл-Үӊкүр айыл аймагында жүргөн сел көпүрөнү бузуп, 60тан ашуун унаа жолдо калган. Жолтандабас унаалар гана суунун деңгээли азайгандан соң таштан куралган жасалма жолдон өтө башташты.
Селден улам Арстанбап айыл аймагындагы Гүмкана жана Коштерек айылдарындагы көпүрөлөр да жарактан чыккан.(SE)