Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

Бишкекте күйдүргү оорусу катталган жок


Күйдүргү көбүнчө малдын этинен жугары айтылып келет.
Күйдүргү көбүнчө малдын этинен жугары айтылып келет.

Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиниканын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, быйылкы жылдын эсебинен күйдүргү оорусуна даттанып, жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылгандар жок:

- Биздин ооруканага күйдүргүгө шектелип кайрылгандар да, жаткандар да болгон жок. Каза болгондор таптакыр жок.

Алиевдин сөзү боюнча, кырдаал дарыгерлердин жана тиешелүү адистердин көзөмөлүндө. Жугуштуу оорулар боюнча республикалык клиникада күйдүргү оорусуна чалдыккандарды дарылоочу атайын бөлүмдөр бар.

Жалпы Кыргызстан боюнча күйдүргү оорусу катталбаганын Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар жана карантин боюнча республикалык борбордун жетекчиси Сабыржан Абдикаримов да билдирген. Анын маалыматы боюнча жыл башынан бери өлкө түштүгүндө күйдүргү жуктурган үч киши катталып, айыккан. Бүгүнкү күндө күйдүргү оорусунан эч кандай коркунуч жок.

Айрым социалдык тармактарда Бишкекте күйдүргү оорусу күч алып, киши өлүмү менен коштолуп жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Күйдүргү - жаныбарлардан жугуучу оору.(ZKo)

XS
SM
MD
LG