Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:25

Стамбул: жардыруудан каза тапкандардын саны 50гө жетти


Стамбул абамайданындагы жардыруудан кийин.
Стамбул абамайданындагы жардыруудан кийин.

Эл аралык маалымат булактардын кабарлоосунда, Стамбулдагы Ататүрк аэропортундагы 3 жолку жардыруудан каза тапкандардын саны 50гө жетти. 90дон ашык киши жарадар болушту. СNN Turk каналынын маалымдашынча, жардыруулар эл аралык каттамдар терминалында болгон. Учурда окуя болгон жерде полиция жана "Тез жардам" кызматкерлери иштеп атат. Стамбулдун губернатору Васип Шахиндин билдирүүсүндө, жардыруулардан жаракат алгандар ооруканаларда дарыланууда.

28-июндун түнүндө эл аралык Ата-Түрк аэропортунун ар кайсы жеринде үч жолу жарылуу болду. Окуялардан кийин аэропорт бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча 17.00гө чейин жабылды.

Стамбул аэропорту күнүнө 250 миң жолоочуну тейлейт. 2015-жылы бул аэропорт аркылуу 61 миллиондон ашык жолоочу учкан.

Соңку жарым жыл ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Өткөн жылдын октябрь айында күрттөрдүн тынч жүрүшү маалында болгон жанкечтилердин кош жардыруусу 100дөй адамдын өмүрүн алган. Ал эми жазында Стамбулдун чок ортосунда уюштурулган теракттан он киши каза тапкан. Алардын көбү германиялык туристтер.

XS
SM
MD
LG