Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

Евробиримдиктин саммити Британиясыз өтүп жатат


Еврокомиссиянын Брюсселдеги баш кеңсесинен Британиянын желеги алынууда. 28-июнь, 2016-жыл.
Еврокомиссиянын Брюсселдеги баш кеңсесинен Британиянын желеги алынууда. 28-июнь, 2016-жыл.

Британиянын биримдиктен чыгуу чечиминен кийин калган 27 өлкөнүн лидерлери Еврошаркетти бекемдөөнүн жолдорун талкуулашууда.

Британ премьери Дэвид Кэмерон кечээ Брюсселдеги саммиттин алгачкы иш күнүнө катышты, бирок бүгүнкү жыйынга келген жок.

Дипломаттардын билдиргенине караганда, 27 өлкөнүн лидерлери Евробримдикти кантип реформалоо планынын урунттуу багыттары белгиленген билдирүү менен чыгышмакчы.

Литванын президенти Даля Грибаускайтенин айтымында, лидерлер саясий элитанын эмес, жарандардын тынчын алган маселелерге көңүл буруусу керек. Бул - иммиграция, экономикалык өсүш маселелери.

Брюсселдеги саммиттин кечээги иш күнүндө Германия канцлери Ангела Меркел жана башка лидерлер Британияга биримдиктен чыгуу жараянын расмий баштоосу үчүн белгилүү убакыт беришерин да билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG