Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Абактан качкандарга өкүм чыкты


Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн №50 абактан качкандар боюнча өкүмүн угузду.

Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылды. Алардын мүлкү мамлекетке чегерилип, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөөгө милдеттүү болушат.

Абактан качып, кийин атайын операция учурунда жок кылынган Алтынбек Итибаевди жашырган деп айыпталган Максат Абдрахманов 4 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө, ал эми ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова 4 жылга жатак абакка кесилди.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз адам үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылып качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда жок кылынган. Эдил Абдрахманов бутуна ок тийип, тирүү кармалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG