Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Кыргызстанда жер титирөөлөр кайталанууда


Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту кабарлагандай, 29-июндун түнү саат 21лер чамасында өлкө түштүгүндө кайрадан жер силкинди. 3,5 баллды түзгөн жер титирөөнүн очогу Алай районунун Нура айылынан 25 чакырым, Бор-Дөбө айылынан 32 чакырым, Ош шаарынан 135 чакырым алыстыкта жайгашкан. Нурада жер титирөө 2,5 баллды түздү.

26-июндан бери бул аймактарда жалпысынан 40ка жакын жер титирөө болду. Алардын очогу кыргыз-тажик чек арасында орун алып, күчү 7 баллга жеткен учурлар да катталууда. Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда сейсмикалык активдүүлүк күчтүү. Тескейден Памир тоолору Тянь-Шанга кагылышып тектоникалык чыңалуу жаралганына байланыштуу силкинүү келип чыгууда.

Айрыкча Нура айылында маал-маалы менен 2 баллдан жогору жер титирөөлөр болуп турат. 2008-жылы 5-октябрда бул жерде күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши каза тапкан. (NT)

XS
SM
MD
LG