Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:54

Орусиялыктардын Түркияга баруусуна уруксат берилди


Түркия, деңиз жээги.
Түркия, деңиз жээги.

Орусия президенти туристтердин Түркияга барышына карата чектөөнү алууга чакырды. Владимир Путин бул тууралуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен 29-июнда телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин билдирди. 45 мүнөткө созулган баарлашууда тараптар бузулган мамилени калыбына келтирүүнү макулдашты.

Эки өлкө лидерлери былтыр жыл этегинде Түркия менен Сириянын чек арасында Орусиянын согуштук учагы атып түшүрүлгөндөн бери биринчи жолу сүйлөштү. Түркия өз аба мейкиндигин бузду деген жүйө менен орус учагын жок кылган учурда учкуч набыт болгон. Буга жооп иретинде Москва орусиялыктардын Түркияга кирүүсүнө тыюу салып, экономикалык санкция киргизген.

Апта башында Эрдоган “учкучтун өлүмү өкүнүчтүү” деген таризде Орусияга кат жолдоп, Путин муну менен “алакадагы кризистик барак жабылды”, деп билдирди. Анын айтымында, түрк азык-түлүктөрүн Орусияга киргизүү боюнча чектөөлөр да алынат. Кремлдин санкциялары Түркиянын туризм тармагына катуу сокку урду.

XS
SM
MD
LG