Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Түркияда полиция атайын рейд жүргүзүүдө


Ататүрктөгү чабуул 42 адамдын өмүрүн алды.
Ататүрктөгү чабуул 42 адамдын өмүрүн алды.

Стамбул шаарында жана Эгей деңизинин боюндагы Измир шаарында Ататүрк аэропортундагы кандуу чабуулдан кийин полиция бир катар рейддерди жүргүзүүдө. Анадолу агенттигини маалымдагандай, полиция Стамбулдун үч районунда рейд жүргүздү. Ал эми Измирдеги текшерүү маалында Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна тиешеси бар делген шек менен тогуз адам кармалды.

28-июнда Стамбулдагы Ататүрк эл аралык аба майданында болгон чабуул 42 адамдын өмүрүн алды. Түрк бийликтери жардыруулардын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турушу мүмкүндүгүн боолгошууда. Ушундай эле көз карашын шаршембиде АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Бреннан билдирди. Ал аталган экстремисттик топ Американын аймагында да теракттарды даярдап жатышы мүмкүн деген божомолун айтты. Азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек.

XS
SM
MD
LG