Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:00

Стамбулдагы консулдук: Кыргызстандык жанкечти тууралуу маалыматты Түркия тастыктай элек


Стамбулдагы терактты уюштурган үч жанкечтинин бири кыргызстандык деген маалыматты түрк тарап расмий тастыктай элек. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Стамбулдагы консул билдирди:

- Расмий жыйынтыгы да жакын арада берилбейт. Себеби экспертизага кеминде 5-6 күн кетет экен. Анткени адам жарылгандан кийин андан эчтеке калбай калат да. Кимиси ким экенин расмий айта албайбыз дешти. Стамбулдун атайын кызматы үчөө тең чечен жараны деп расмий айтып жатат.

28-июнда Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы террордук чабуулдан 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылды.

Түркиялык Хүрриет жана Миллиет басылмалары үч жанкечтинин бири дагестандык, экинчиси өзбекстандык, дагы бирөө кыргызстандык экенин жазууда. (EB)

XS
SM
MD
LG