Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Депутат Жанар Акаев европалыктарды Көчмөндөр оюнуна чакырды


Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев ортодо
Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев ортодо

Швейцарияда иш сапарда жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев аталган өлкөнүн тургундарын, жалпы европалыктарды жана эл аралык уюмдарды быйыл күзүндө Кыргызстанда өтө турган экинчи Көчмөндөр оюнун көрүп кетүүгө чакырды.

Женевада өткөн пресс-конференцияда ал Кыргызстанда саясий-экономикалык абал турукташып, күндөн-күнгө туристтердин саны көбөйүп жаткандыгын айтты.

- Кыргызстан Евразия континентиндеги эң жаш, Орто Азиядагы жалгыз парламенттик башкаруудагы демократиялык өлкө. Биздин өлкө эки ирет элдик революцияны башынан өткөрдү, ошондон кийин гана демократиянын принциптери аркылуу эркин, ачык жана таза мамлекеттик системаны курууга кириштик жана ал азыр ийгиликтүү уланууда. Эл аралык абройлуу уюмдар Кыргызстанды “демократиянын аралчасы” деп атап жүрүшөт. Кыргызстанга дүйнөнүн 61 өлкөсүнүн жарандары визасыз кире алат, анын ичинде албетте Швейцария да бар, - деди Жанар Акаев.

Депутат учурда өлкөдө толугу менен саясий стабилдүүлүк орногонун, ошондуктан жыл сайын дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан келип жаткан туристтердин саны көбөйүп жатканын белгиледи.

2015-жылы өлкөгө 4 миллиондон ашык турист келгенин, жыл сайын бул сан 10% өсүп жатканын айткан депутат National Geographic версиясы боюнча Кыргызстан эң мыкты ден соолукту калыбына келтирүүчү өлкө деп табылганын да кошумчалады.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө Кыргызстан жөнүндө кыска метраждуу тасма, видеороликтер тартууланды. (RK)

XS
SM
MD
LG