Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:06

Балдардын жайкы эс алуусуна быйыл 5 миллион сом бөлүндү


Бишкек четиндеги көлмөлөр жайкысын балдар эс алган жерге айланат.
Бишкек четиндеги көлмөлөр жайкысын балдар эс алган жерге айланат.

Бул туурасында билим берүү министри Элвира Сариева билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда балдар үчүн 5-июндан 6-июлга чейин 582 мектеп лагеринде жана ден соолукту чыңдоо аянттарында эс алуулар уюштурулган.

Ушу тапта мектеп лагерлеринде 74 миң 591 бала эс алып, 25 миңден ашык окуучу экскурсияларда, 3565 бала спорт секцияларына катышууда. Өлкө боюнча 55 санаториялык-курорттук зоналар иштеп жатат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы балдардын жайкы эс алуусуна каралган каражат көлөмүн көбөйтүп, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн, интернаттардын балдарына жана майыптарга, алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулушу керектигин билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG